Бишкекте 1,8 млн сом алдоого шектелген жаран кармалды
Бишкек шаарынын тургунунан 1,8 млн сом алдоо жолу менен алынган деп шектелген адам кармалганын 16-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 1-февралда өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдарга 1 млн 888 миң сом которуп берген. Алар анын банктык эсептери терроризмди каржылоого тиешеси жок экенин "коргоп беребиз" жана кепилдик беребиз деп убада кылышкан.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган.
Милиция кызматкерлери 2006-жылы туулган Т.Б. аттуу шектүүнү кармашты. Тергөө версиясы боюнча, ал "дроппер" болгон. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.