Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Калыс-Ордо конушунда 650 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат

Курулуш министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департамент жетекчилери менен Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Калыс-Ордо конушунда салынып жаткан мектептин курулуш иштери менен жеринде таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Долбоор боюнча билим берүү мекемеси жертөлөсү менен эки кабаттуу болуп салынып, 650 окуучуга ылайыкталат.

Жаңы мектепте кең окуу класстары, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттери, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган. Учурда объектте жер казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурда Калыс-Ордо конушундагы №86 жалпы билим берүү орто мектебинде 4385 окуучу билим алууда. Жаңы мектептин курулушу аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Кыргызстанда өндүрүлгөн мунайзат 5 жыл бою көмүскө схема менен сатылып келгендиги ачыкталды

Мамлекеттик салык кызматына караштуу “Салык сервис” мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү - “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик компаниясы аркылуу акыркы 5 жыл ичинде мунайзат жең ичинен өндүрүлүп, мамлекеттик казынадан сырткары көмүскө жол менен сатылып келгендигин ачыктады.   Билдирүүгө караганда, Кыргызстанда жыл сайын 180 миң мунай зат өндүрүлөт жана анын өндүрүшү менен “Кыргызнефтегаз” ААК алектенет.  2021-2025-жылга чейин

Бишкектин айрым аймактарында 19-мартта суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 19-мартта суу өчүрүлөт

19-март күнү саат 10:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, “Көк-Жар” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай

Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү

2026-жылдын январь айында Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү 1 млрд 880,4 млн кВт/саатты түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде белгилүү болду. Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь айында өлкөдө 2 млрд 9,4 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 129 млн кВт/саатка же

Бишкекте 1,8 млн сом алдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте 1,8 млн сом алдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын тургунунан 1,8 млн сом алдоо жолу менен алынган деп шектелген адам кармалганын 16-мартта Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 1-февралда өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган адамдарга 1 млн 888 миң сом которуп берген. Алар анын