Кореянын колдоосу менен Бишкекте “Медициналык шаарча” куруу пландалууда
Бүгүн саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар 2026-жылы өткөрүлө турган “Борбор Азия — Корея Республикасы” саммитинедаярдык маселелерине да токтолушту. Аталган саммит стратегиялык диалогду чыңдоого жана практикалык кызматташууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү аянтча катары каралууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Economic Development Cooperation Fund уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан саламаттык сактоо тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын куруу долбоору ишке ашырылып жатканы жана “Медициналык шаарча” демилгесинин алкагында Улуттук госпиталдын жаңы корпусун куруу жана модернизациялоо боюнча долбоор даярдалып жатканы айтылды.
Министр Дамир Осмонов медициналык кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, учурда кыргыз адистери Түштүк Кореядагы “Lee Jong-wook Fellowship Program” программасы аркылуу заманбап технологияларды жана медицинаны башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын үйрөнүп жатканын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну мындан ары да кеңейтүү ниетин билдиришти.

