Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген.

Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын берген.

Эске салсак, 2024-жылы Лариса Долина алдамчылардын кысымы астында батирин сатып жиберген. Батирди 34 жаштагы Полина Лурье сатып алган жана ал алдамчылык тууралуу билген эмес. Ырчы сотко кайрылып, алгачкы чечим менен батир кайра Долинага кайтарылган. Ошол эле учурда сот ырчы сатып алуучуга акчаны кайтарып бербеши керек деген чечим чыгарган. Натыйжада Полина Лурье батирсиз да, акчасыз да калган.

Бул окуя социалдык тармактарда чоң талкуу жараткан. Колдонуучулар Лариса Долинаны катуу сынга алып, батирди мыйзамдуу сатып алуучуга кайтарып берүүнү талап кылышкан. Андан кийин гана алдамчылар менен соттошуу керектиги айтылган. Интернетте "Долинанын эффектиси" же "чоң эненин схемасы" деген түшүнүк да пайда болгон. Анын маңызы — батир сатылгандан кийин сатуучу өзүн алдамчылыктын курмандыгы катары көрсөтүп, келишимди жокко чыгарууга аракет кылат.

2025-жылдын декабрында Россиянын Жогорку соту батирге менчик укугун Полина Лурьеге таандык деп чечим чыгарган. Ошондой эле Долинаны батирден мажбурлап чыгаруу боюнча иш кайрадан апелляциялык инстанцияда каралууга жөнөтүлгөн. Ырчы 2026-жылдын январь айынын башында батирден чыгып кеткен.

Мындан тышкары окуңуз

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик

Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Салык кызматынын төрагасы Баткенде ишкерлердин көйгөйлөрүн укту

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 16-мартта жумушчу сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. Сапардын алкагында ал аймактык салык органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматкерлердин иштөө шарттарын көрүп чыкты. Ошондой эле салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жакшыртуу маселелери талкууланды. Иш сапарынын жүрүшүндө