Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды
Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо арызды сот канааттандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Аталган ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Соттун чечими менен Нарын шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү “Керме-Тоо” мейманканасы жана ага караштуу 2,35 гектар жер аянты боюнча талаптар толугу менен канааттандырылып, муниципалдык менчиктин укуктары корголду.
Бул чечим мамлекеттик жана муниципалдык менчикти мыйзамсыз менчиктештирүүгө жол бербөөгө жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.