Орто-Токой суу сактагычына 1,2 миллион чабак коё берилди
13-мартта Нарын облусундагы Орто-Токой суу сактагычына “Орто-Токой ынтымагы” ЖЧКсы тарабынан май-канат балыгынын 1,2 миллион чабагы коё берилди. Чабактардын орточо салмагы 0,45 граммды түзөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бул балыктандыруу иш-чарасы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан бекитилген 2025-2026-жылдарга карата планга ылайык жүргүзүлдү.
Иш-чарага Балык өнөр жайы комплекси департаментинин адиси жана Экологиялык туристтик милициянын кызматкерлери кирген комиссиялык топ көзөмөл жүргүздү.
Балыктандыруу иши суу сактагычтагы балык запастарын көбөйтүүгө, биологиялык тең салмактуулукту сактоого жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.
