Өзгөндө балдар жөлөкпулу мыйзамсыз токтотулган факт аныкталды
Ош облусунун Өзгөн райондук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин биринде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеменин айрым кызмат адамдары К.Б. аттуу жарандын паспорттук маалыматтарын пайдаланып, аны формалдуу түрдө кызматкер катары каттап, анын атынан социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп, эсептелген эмгек акыны өздөрүнө ыйгарып алышкан.
Натыйжада К.Б. аттуу муктаж жарандын төрт жашы жете элек баласына берилген “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу токтотулган.
Аталган факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.