Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Салык кызматы турак эмес мүлк салыгын төлөө мөөнөттөрүн эскертти

Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыктын төлөө мөөнөттөрүн эскертип, салык квартал сайын тең үлүштөр менен 20-мартка, 20-июнга, 20-сентябрга жана 20-декабрга чейинтөлөнөрүн билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми салык төлөөчүлөр эсептелген сумманы белгиленген мөөнөттөрдө төлөөгө милдеттүү. Кыймылсыз мүлккө эсептелген салыктар тууралуу маалыматтар cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде жеткиликтүү.

Салык кызматы мүлк салыктарынын туура эсептелиши мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтык системаларындагы маалыматтардын актуалдуулугуна байланыштуу экенин белгилеп, жарандарга мүлккө болгон укук белгилөөчү документтердеги маалыматтарды "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү сунуштайт.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөргө Салык төлөөчүнүн кабинетинен турак эмес имараттар, жайлар жана курулуштар, калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча салыктын туура эсептелишин текшерүү сунушталат.

Эгерде салыктын эсептелишинде ката же туура эмес маалыматтар аныкталса, маалыматтарды тактоо үчүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесине же объект жайгашкан жер боюнча Салык кызматынын аймактык башкармалыктарына кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания май айынан тарта Бишкекте турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга батирлерди бере баштарын "Биринчи радио" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атаканов билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада бир нече объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. Алар: Маликов көчөсүндөгү (мурунку №47 колониянын аймагы)

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда жана капчыгайларда этият болуу зарыл. Алардын катарына Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Бишкек

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрүп, аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүүнү караган эскиздик долбоор даярдалган. Шаар

Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарындагы "Керме-Тоо" мейманканасы муниципалдык менчикке кайтарылды

Нарын шаардык прокуратурасынын талабынын негизинде Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо арызды сот канааттандырды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Аталган ишти кароодо Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптары бузулгандыгы аныкталган.