Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат
Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда.
Ага ылайык:
- жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн,
- же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза катары 20–30 саат коомдук иштерге тартуу же 3 суткага чейин камакка алуу каралат.
Эгерде адам бир ай ичинде кайрадан ушундай мыйзам бузууга жол берсе, жаза күчөтүлөт:
- 30–40 саат коомдук иштер,
- же 3төн 5 суткага чейин камакка алуу.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн кайталап мыйзам бузган учурда өлкөдөн чыгаруу (депортация) каралган.
Мындан тышкары, калктын аяр катмарын — кары-картаңдарды, психикалык оорулары бар адамдарды, кош бойлуу аялдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кайырчылыкка тартуу үчүн өзүнчө жоопкерчилик киргизүү сунушталууда. Бул үчүн 20 миң сом айып пул каралган.
Эгерде мындай мыйзам бузуу чет өлкөлүк жаран тарабынан кайталанса, ал дагы өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.