Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

Кыз-келиндер үчүн IT тармагы боюнча бекер окуу уюштурулат

 IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн жаңы гранттык окуу уюштуруларын Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катыша алат.

“Биздин долбоор “Programmer Ayimdar” деп аталат. Долбоор IT тармагы боюнча айымдардын окушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Биринчиден, бизге бул тармакка кызыккандар керек. IT адиси катары иштейм деп пландап жүргөн айымдар бизге келип тандоого катышса болот. Жогорку технологиялар паркынын жардамы менен уюштурулган гранттык окуу толугу менен акысыз болуп, бир гана тандоодон өтүү талап кылынат”, — деди Адаев.

Бул жолку гранттык окуу дата-инженер багыты боюнча болору маалым болду.

“Негизи Борбор Азия аймагында IT багытын эркектердин кесиби деп эсептешет, бирок бул туура эмес. Айымдардын арасынан да мыкты IT адистер чыгууда. Бул жолку үчүнчү грант дата-инженер багыты боюнча болмокчу. Буга чейинки долбоорлор да чоң натыйжаларды көрсөттү”, — дейт ал.

Жасалма интеллект академиясынын директору гранттык окууга өзгөчө аймактардагы айымдарды тартууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

"Дордой" базарынын жанындагы көлдүн айланасы көрктөндүрүлөт

Айбек Джунушалиев 16-мартта "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолугушуу өткөрүп, "Дордой" базарынын аймагын көрктөндүрүү маселесин талкуулады. Айрыкча базардын жанындагы көлгө жана анын айланасына өзгөчө көңүл бурулганын борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мэрдин айтымында, шаар бийлиги бизнести өнүктүрүүнү колдойт, бирок ал системалуу түрдө жана

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтын арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү

Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы арзандап, унциясы 5000 доллардан төмөн сатылып жатканын Интерфакс кабарлады. Маалыматка ылайык, алтындын баасы Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам дүйнөдөгү инфляциянын тездешинен төмөндөп жатат.  Comex биржасында алтын болжол менен 1,3%га төмөндөп, унциясы 4995 долларды түздү. Ошол эле маалда күмүштүн да баасы арзандап жатат. Ал 4,4%

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өзбекстандан келген маркировкасы жок 82 830 көчөт артка кайтарылды

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине караштуу Баткен башкармалыгынын “Кызыл-Кыя автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Өзбекстандан импорттолуп кирген 82830 даана көчөттөрдүн таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Кыргызстан менен GIZ "жашыл экономика" боюнча кызматташат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ортосунда "Борбор Азиядагы "жашыл" экономика үчүн "жашыл көндүмдөр" аттуу аймактык долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлду. Ведомстводон маалымдашкандай, макулдашууга эмгек министри Канат Сагынбаев жана GIZ уюмунун аймактык долбоорунун жетекчиси Удо Фолькерс