Профсоюз көчөсүндө мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо уланууда
Бишкек шаарында Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу долбоорунун алкагында жол курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы көчөнүн эки тарабында муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди аныктап, алып салуу иштерин улантууда.
Акыркы бир жума ичинде төмөнкү объектилер демонтаждалды:
- капиталдык тосмолор — 58 даана;
- капиталдык фундаменттер — 17 даана;
- жеңил типтеги тосмолор — 41 даана;
- ажатканалар — 22 даана;
- чарбалык курулуштар — 14 даана;
- күркөлөр — 2 даана;
- контейнер — 1 даана.
Маалыматка ылайык, бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.


