Республикада мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иштери башталды
Республика аймагында мал ылаңдарына каршы жазгы алдын алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Бекитилген планга ылайык, учурда 3-6 айлык ургаачы торпоктор бруцеллезге каршы эмделүүдө. Ошондой эле бодо малдан кан алынып, бул илдетке карата текшерүү жүргүзүлүп жатат.
Үй жаныбарларын коргоо максатында иттер менен мышыктар кутурмага каршы эмделип, эхинококкозго каршы дегельминтизациялоо иштери башталды.
Жапырт эмдөө алкагында кой-эчкилер оспа жана бруцеллезге каршы, ал эми бодо мал шарп, күйдүргү жана карасан ооруларына каршы эмделет. Вакцинация толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2026-жылга карата ветеринардык кызматтар бардык керектүү биокаражаттар, дары-дармектер жана дезинфекциялоочу каражаттар менен толук камсыздалган. Аларды сактоо үчүн атайын муздаткыч жабдуулар орнотулган.
Мындан тышкары, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо үчүн иш-чаралар планы малдын санына жана аймактардагы кырдаалга жараша түзүлүп, жергиликтүү бийлик менен макулдашылган.
Бул максатта республикалык бюджеттен 135 млн сом бөлүнүп, жазгы алдын алуу иш-чаралары 100% керектүү каражаттар менен камсыз болду.
Учурда вакциналарды туура сактоо жана натыйжалуу колдонуу боюнча көзөмөл күчөтүлдү.