Бишкекте милиция кызматкерлери интернет-алдамчылардын уюшкан тобун аныкташты
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери интернет аркылуу алдамчылык менен алектенген уюшкан топту аныкташты.
Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, схеманын катышуучулары өздөрүн банктын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери катары тааныштырып, жарандарды акчаларын көзөмөлдөгү эсептерге которууга көндүрүшкөн. Андан соң каражаттар тез арада накталай акчага айландырылып же башка эсептерге которулуп турган.
Топ ичинде ролдор так бөлүштүрүлгөн: дропперлер акчаларды өздөрүнүн карталарына жана эсептерине кабыл алышкан, дропперлер башчысы алардын аракеттерин координациялап турган, ал эми айрым катышуучулар мессенжерлерде аккаунттарды каттоо жана алдамчылык чалууларды жүргүзүү үчүн SIM-карталарды массалык түрдө активдештирүү менен алектенишкен.
Жыл башынан бери 180ден ашуун адам аныкталып, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген, алардын 30дан ашууну кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тинтүүлөрдүн жүрүшүндө уюлдук телефондор, банк карталары жана SIM-карталар алынган.
Тергөө иштери улантылууда. Бишкек шаардык ИИББсы эскерткендей, банк карталарын, эсеп реквизиттерин жана тастыктоо коддорун үчүнчү жактарга берүү — алар өздөрүн мамлекеттик органдардын же банктардын кызматкерлери катары тааныштырса да — кылмыш жоопкерчилигине алып келет.