Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү
Бишкекте ири турак жай долбоорунун алгачкы этабы болгон THE ESSENCE кварталынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул аземге шаар тургундары, инвесторлор жана коноктор катышып, аларга долбоордун концепциясы тааныштырылды.
Билдирүүгө караганда, долбоорду девелопер компания RCA Living ишке ашырууда жана ал Royal Central Park аттуу масштабдуу шаардык комплекстин бир бөлүгү болуп саналат. Комплекс 29 кабаттан турган беш турак жай мунарасын өзүнө камтыйт. Долбоордун максаты — заманбап архитектура, жашыл аймактар жана өнүккөн инфраструктура бириккен жаңы шаардык жашоо мейкиндигин түзүү болуп саналат.
Уюштуруучулардын айтымында, компания 2026-жылдын 8-мартынан 31-мартына чейин батир сатып алган кардарларга 5% кошумча арзандатуу беришет. THE ESSENCE кварталы «бак ичиндеги шаар» принциби менен курулуп, анын аянтынын жарымысына жашыл зоналар жана ландшафттык бактар орун алат. Имараттар Y формасында долбоорлонгон. Бул чечим батирлерге көбүрөөк күн нурун, таза абаны жана панорамалык көрүнүштөрдү камсыз кылмакчы.



Жылуулук энергиясы “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы аркылуу берилет. Имараттарда газ колдонулбайт, бардык ашкана жабдуулары электр менен иштейт.
Ишчаранын жүрушундө долбоордун өкүлдөрү кардарлар үчүн акция уюштурулуп жаткандыгын жарыялашты. Ага ылайык, 2026-жылдын 13-январынан 30-апрелине чейин батир сатып алган кардарлар арасында баалуу белектер ойнотулушу күтүлөт. Жалпы байге фонду 6,5 миллион сомго чейин жетет.


