Келерки окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталды

Келерки окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталды

2026–2027 окуу жылына Президенттик "Акылман" лицейине кабыл алуу башталганын лицейдин директору Эмил Рыскулов билдирди. Анын айтымында, конкурс Кыргызстандын мектептеринин 6- жана 7-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.

"Президенттик лицей 2023-жылдын август айынан бери Чолпон-Ата шаарында иштеп келет. Учурда анда Кыргызстандын бардык региондорунан келген 264 окуучу билим алууда. Окуу акысыз, жатакана бар, күнүнө беш жолу тамак берилет, медициналык кызмат көрсөтүлөт. Булардын баары бекер", — деди Рыскулов.

Ал ошондой эле президенттик лицейдин филиалдары Манас жана Талас шаарларында ачыларын, алар 2026-жылдын күзүнөн тарта иштей баштай турганын билдирди.

"6-класстын окуучулары күзүндө 7-класска өтөт. 6-класстын окуучулары үчүн конкурс бардык үч лицейге кабыл алуу үчүн өткөрүлөт. Ал эми 7-класстын окуучулары Манас жана Талас шаарларындагы лицейлерге кабыл алынат, анткени Чолпон-Атадагы лицейде 8-класс бар", — деп түшүндүрдү Рыскулов.

Конкурска катышууну каалаган талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

  • Учурда Кыргызстандын мектептеринин 6 же 7-класстын окуучусу болуу;
  • Кыргыз Республикасынын жараны болуу;
  • Жакшы же мыкты окуу көрсөткүчүнө ээ болуу ("ударник" же "отличник").

Конкурстун үч баскычы бар:
1 жана 2-турлар — test.akylman.edu.kg сайтында онлайн-тестирлөө;
3-тур — офлайн-тестирлөө, ал Кыргызстандын ар бир регионунда өткөрүлөт.

1 жана 2-турдагы тесттерде "Математика", "Кыргыз тили", "Орус тили" предметтери боюнча суроолор жана логикалык тапшырмалар камтылган.

3-турдагы тесттерде "Математика", "Кыргыз тили", "Англис тили" предметтери боюнча суроолор жана логикалык тапшырмалар кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media