Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш объектилери аныкталды
Нарын шаарында жүргүзүлгөн рейддик текшерүүнүн жыйынтыгында уруксат документтери жок курулуш объектилери аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкөдө курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана сапатын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда.
Анын алкагында Нарын шаарында текшерүү жүргүзүлүп, Ленин көчөсү, 242 дарегиндеги унаа оңдоочу жайда жана Казиев көчөсү, 53 дарегиндеги курулуш объектисинде тиешелүү уруксат берүүчү документтер жок экени аныкталды. Ошондой эле бул объектилер мамлекеттик курулуш реестрине катталбаганы белгилүү болду.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзгөн жеке тараптарга административдик чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти мындай текшерүүлөр мындан ары да улантыларын билдирди.


