Таймурас Ташиев: "Кыргызнефтегаз" боюнча маалыматтар толугу менен калп
Тай-Мурас Ташиев Салык кызматы тарабынан таратылып жаткан маалыматтарга байланыштуу түшүндүрмө берип, "Мока Групп" компаниясына карата айтылган дооматтарды четке какты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ачык маалыматтарга ылайык, "Кыргыз Петролеум Компани" ("Кыргызнефтегаз") 2021-2025-жылдар аралыгында жалпысынан 357,9 миң тонна дизелдик отун өндүргөн. Ал эми "Мока Групп" ушул мезгил ичинде болгону 5 463 тоннага жакын дизтопливо сатып алган. Бул жалпы өндүрүштүн 1,53%ын гана түзөт.
Ошондой эле бардык сатып алуулар мыйзам чегинде жүргүзүлүп, тиешелүү салыктар толук төлөнгөнү белгиленди.
Ташиев "Кыргыз Петролеум Компани" толугу менен "Мока Группка" иштеп, башка компаниялар продукция сатып ала алган эмес деген маалыматтарды "толугу менен калп" деп атады. Анын айтымында башка фирмалар дагы өздөрүнө керектүү көлөмдө дизелдик отун сатып алып келишкен.
Мындан тышкары, ал учурда "Кыргыз Петролеум Компани" дизелдик отун өндүрүшүн токтотуу алдында турганын, буга кампалардын толуп кетиши жана суроо-талаптын азайышы себеп болуп жатканын билдирди. Ошондой эле ишкана кардар издөө максатында жеке компанияларга сунуштарды берип жатканы айтты.
Жыйынтыгында, Таймурас Ташиев тиешелүү тараптарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.