Такси кызматына чет элдик айдоочуларды ишке алууда, алардын тил билүүсү талап кылынууда

Такси кызматына чет элдик айдоочуларды ишке алууда, алардын тил билүүсү талап кылынууда

Депутат Медина Кайрылбекова Жогорку Кеңештин отурумунда такси кызматтарына чет элдик айдоочуларды ишке алуу үчүн милдеттүү түрдө орус же кыргыз тилин билүү талабын киргизүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнун айтымында, бул маселе Пакистан же Индиядан келген айдоочуларга тиешелүү. Себеби, тилдик тоскоолдуктан улам жергиликтүү тургундар айдоочулар менен баарлаша албай, кыйынчылыктарга дуушар болуп, көп учурда каттамдар үзгүлтүккө учурап жана башка көптөгөн убаракерчиликти жаратууда.

Ушуга байланыштуу депутат Медина Кайрылбекова айдоочуларга лицензия берүүдөн мурда, алардын тил билишин текшерип, андан кийин гана тиешелүү иш кагаздарын берүүнү талап кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп бир килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Гектарынан 15 тонна спаржа өндүрүп бир килограммын сыртка 7 доллардан экспорттогон Чубак Орозалиев

Акыркы жылдарда мурда чет өлкөлөрдөн экспорттолуп, өлкө ичинде кымбат баада сатылып келген айыл чарба өсүмдүктөрүн заманбап агротехнологиялар менен өндүргөн фермер, дыйкандар көбөйө баштаганы кубандырат. Бул биринчиден, ички рыноктогу импортук товарларды азайтууга салым кошсо, экинчиден, фермер жакшы киреше табуу менен бирге кыргызстандыктардын тамак-аш рационун байытат.  Бул сапар бизге Кыргызстанда жашыл спаржаны

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Кыргызстандыктар эми Азербайжан университеттеринде бюджеттик негизде окуй алышат

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк студенттерди Азербайжандын жогорку окуу жайларында окуусун колдоо максатында "Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты" программасы ишке киргизилгенин Кыргыз Республикасындагы Азербайжан элчилиги билдирди. Конкурска Кыргызстандын жарандары да катышып, 2026–2027 окуу жылына билим ала алышат. Окуу Азербайжандын жогорку кесиптик

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Жарандарды өз убагында маалымдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандар үчүн карыздарды акысыз онлайн текшерүү порталы иштеп жатканын маалымдайт. Бул портал аркылуу ар бир жаран өзүнүн карызы жөнүндө алдын ала маалымат ала алат, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун фамилиясын, атын, байланыш маалыматтарын жана чектөөлөрдү

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Бакетаев КРнын Улуттук банкынын төрагасы болуп дайындалды

Президент Садыр Жупаровдун сунушу боюнча, бүгүн, 18-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасын шайлоо маселеси каралды. Аталган кызмат ордуна Алмаз Бакетаевдин талапкерлигин Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Жогорку Кеңештин депутаттары бул кызматка сунушталган Алмаз Бакетаевдин  талапкерлигин эч кандай суроо же сунуш киргизбестен,