Айымдар үчүн акысыз IT окутуу программасы: талаптары жана шарттары кандай?

Айымдар үчүн акысыз IT окутуу программасы: талаптары жана шарттары кандай?

Заман талабына жараша акыркы жылдарда Кыргызстанда IT тармагына кызыккан кыз-келиндер көбөйө баштады. Бирок, ар кандай себептер менен баарынын эле бул тармак жаатында билим алууга шарты жок. Муну эске алуу менен Жасалма интеллект академиясы (AI academy) ушуну менен үчүнчү жолу IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн “Programmer Ayimdar” долбоорунун алкагында гранттык окуу уюштуруп жатат. Мындай маалымат “Ишкер MEDIA” сайтына жарыяланары менен окурмандардан бул окутуу боюнча өтө көп суроолор, комментарийлер келип түштү. Алардын суроолорун канааатандыруу максатында Жасалма интеллект академиясынын директору Эрхан Адаевге байланыштык.

Буга чейинки берген маалыматтарыбызда, гранттык окуунун тандоосуна 14 жаштан 60 жашка чейинки айымдар катышарын маалымдаган элек. Э.Адаевдин айтымында, тандоо эки этап менен жүргүзүлөт. 

“Биринчи  этабы – бул онлайн тест. Тестте математика, логика жана компьютердик сабаттуулук боюнча 30дай суроо бар. Катышуучу ошолорго жооп бериши керек. Экинчи этабында жасалма интеллект аркылуу маектешүү болот. Анда катышуучунун буга чейин эмне менен алектенгени жана кандай максат менен бул долбоорго катышып жатканы текшерилет. Ошондой эле ал жерде дагы логика, математикага байланыштуу суроолор болот”, - дейт Адаев. 

Анын айтымында, катышуучулардын арасынан жалпы 40 адам тандалып алынат. Анын 30у гранттык орундарга бекитилсе, 10у резервде туруп турат. 

“30 кишинин арасынан ар кандай себептер менен окууну окуй албай калгандар чыгышы мүмкүн. Алардын ордуларына резервдегилерди кабыл алабыз. 5 айга созулган окутуу онлайн жүргүзүлөт. Ошондуктан катышуучуда ноутбук менен интернет болушу керек. Биздин негизги максат 30 кыз-келинди окутуп, ишке орношууга көмөктөшүү. Тагыраагы, окугандардын 60%дан кем эмес бөлүгүнө жумушка орношууга көмөктөшөбүз. Минтип ишенимдүү айтканыбыздын себеби, биз буга чейин да бир нече топту ушул дата-инженерия боюнча окутканбыз. Бүтүрүүчүлөрдүн 60%дан ашыгы жумуш таап кетишкен”, - дейт Э.Адаев. 

AI академиясынын жетекчисинин айтымында учурда IT тармагындагы кесиптердин ичинен дата-инженерияга болгон суроо-талап күчтүү. 

“Бул кесипке ээ болгондор көлөмдүү маалыматтар менен иштешет. Себеби, азыр элдин көбү интернетте, соцтармактарда отургандыктан бир эле адам күнүнө бир нече мегабайттан гигабайтка чейин маалымат жаратат. Ал маалыматтар ар бир компаниянын, уюмдун серверлеринде чогулат. Алар ошол серверлерде калып калбай кайра иштетилиши керек. Дата-инженерлер ошол маалыматтарды туура жана ишенимдүү түрдө чогулгандай кылып алардын архитектурасын, инфраструктурасын түзүшөт. Андан соң аны дата-аналитиктерге, IT адистерге беришет. Алар андан кореляцияларды, мыйзам ченемдүүлүктөрдү, паттерндерди таап чыгышат. Мурда маалыматтардын көбү кагаз жүзүндө болгондуктан журналдарда, архивдерде калчу. Азыр баары санариптешкендиктен санарип маалыматтар менен иштеп туура чечим кабыл алынат. Дата-инженери кесиби ушул жактан жакшы жардам берет”, - дейт маектешибиз.

Бул окутуу долбоорунда ар бир облуска квота берилгендиктен, жети облустан эң аз дегенде бирден катышуучу тандалат. 

“Азыр биздин тесттен миңден ашык кыз-келин өттү. Шаарда IT тармагына кызыккандар көппү алардын 70%ы Бишкек шаарынан болду. Окуй тургандардын көбү борбордон болуп калбаш үчүн ар бир облуска квота киргиздик”, - дейт ал. 

Эрхан Адаевдин билдиришинче, долбоорду Жогорку технологиялар паркы каржылап жатат.

“Бул окутуудан кыз-келиндер жаңы кесипке ээ болуп, Кыргызстан IT тармагына салым кошот. Өзүңүздөр билгендей, акыркы 5-10 жылда Кыргызстан IT тармагы боюнча дүйнөлүк рынокко чыгууга аракет кылып жатат. Бизде азыр башка өлкөлөр менен иштешкен эл аралык IT компаниялар бар. Үйдө отуруп жакшы акча тапкан IT адистерибиз чыгып жатат. Алардын санын көбөйтүшүбүз керек. Канчалык андай адистерди көбөйтсөк өлкө экономикасына ошончо жакшы салым кошулат”, - дейт Жасалма интеллект академиясынын жетекчиси Э.Адаев. 
Маектешүү учурунда Э.Адаев айымдар үчүн мындай окутуу 2019-жылы жана 2023-жылы болгонун кошумчалады жана долбоор мындан ары да улантылат. Бул чындыгында үйүндө интернети бар, бирок, балдары менен сыртка чыга албаган келиндер, апалар үчүн да жакшы мүмкүнчүлүк. Ошол эле кезде 14 жаштан жогорку мектеп окуучуларына да ыңгайлуу шарт, мүмкүндүк.

Арыз берүү мөөнөтү – 25-мартка чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Былтыр Кыргызстанда 1,8 млн тонна сүт өндүрүлгөн

Улуттук статистика комитети өткөргөн басма сөз жыйынында 2025-жылдагы айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн жыйынтыктары жарыяланды. Улуттук статистикалыккомитеттин маалыматына ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 1 млн 881,5 миң тонна чийки сүт өндүрүлгөн. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 3,2%га көп. Көлөмү жана өсүү темпи боюнча Чүй облусу лидер болду. 2025-жылы бул аймакта 495,5

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда  ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Быйылкы жылдан тарта 773 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлөт

Суу менен камсыздоо жана суу чыгаруу өнүктүрүү департаменти 2026-жылдан баштап республика боюнча 773 айылда суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырыларын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда: * 120 айылда курулуш-монтаж иштери жүрүп жатат; * 27 айыл боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө; * 229 айыл үчүн долбоордук-сметалык документация даярдалууда; * 219 айыл боюнча долбоорлоо

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүүгө карата учурдагы тыюуну алып салууну карайт — бул жерлер мамлекеттин социалдык муктаждыктары үчүн керек болгондо колдонулат. Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө айтылгандай, демилге

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканын Курулуш министрлиги билдирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат. Имарат 5 блоктон турат. Жалпы аянты 3680 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, устаканалар, компьютердик класс, актовый зал, ашкана жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, аймакта футбол жана