Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүүгө карата учурдагы тыюуну алып салууну карайт — бул жерлер мамлекеттин социалдык муктаждыктары үчүн керек болгондо колдонулат.

Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө айтылгандай, демилге калктын билим берүү инфраструктурасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен байланыштуу. Мурда бош жер тилкелери жоктугунан №1 мамлекеттик резиденциянын аймагында социалдык объекттерди жайгаштыруу үчүн участок бөлүү чечими кабыл алынган.

Учурда бул аймакта (тактап айтканда, болжол менен 10 гектар) социалдык комплекс иштеп жатат. Айрыкча, мектеп курулуп, аны президент Садыр Жапаров ачкан, ошондой эле бала бакча жана медициналык борбор да иштей баштаган.

Мыйзам долбоору социалдык объекттерди мамлекеттик резиденциянын аймагына жайгаштыруу боюнча мурда алынган чечимдерди мыйзам менен шайкеш келтирүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек–Балыкчы поезди 3-4-октябрда кошумча каттайт

Бишкек-Балыкчы багытындагы поездди 3–4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди. Маалымдалгандай, поезд белгиленген график боюнча каттайт. Жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында уюштурулууда. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
BAKAIдан “Жылуу үй”: баасы жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн жеңилдетилген насыялоо

BAKAIдан “Жылуу үй”: баасы жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жай үчүн жеңилдетилген насыялоо

BAKAI ESG багытын өнүктүрүүнү улантып, Бишкек шаарындагы жана ага жакын райондордогу жеке үйлөрдүн жашоочуларына арналган “Жылуу үй” жеңилдетилген каржылоо программасы боюнча пайыздык ченди төмөндөттү. Эми жылытуу жана абанын сапатын жакшыртуу үчүн энергияны үнөмдөөчү заманбап чечимдер жылдык 6% чен менен мурдагыдан да жеткиликтүү болууда. Бул программа BAKAI Банкы Кыргыз Республикасынын Каржы

Ишкер Media
Бишкекте Kampa Industrial Park аянтчасы ачылды

Бишкекте Kampa Industrial Park аянтчасы ачылды

Бишкекте Kampa Industrial Park өндүрүштүк аянтчасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага агенттиктин, ишкананын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Жаңы өндүрүш 200гө жакын жумуш ордун түзөт. Аянтчада LAMIS, CAISER / Кайзер, BLESK бренддеринин тиричилик товарлары жана техникалары чыгарылат. Ошондой эле Midea, Haier, Baumann продукцияларын

Ишкер Media
Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Коргоо министри Өзбекстан элчиси менен жолугушту

Бүгүн Коргоо министрлигинде министр Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды. Атап айтканда, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, тажрыйба алмашуу, биргелешкен иш-чаралар жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды. Ошондой эле Кыргызстанда

Ишкер Media