Ч.Турсунбеков атындагы сыйлыктын баш байгеси 200 миң экени айтылды
Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка чыгармалар кабыл алына баштаганын Жазуучулар союзунан билдиришти.
Анда белгиленгендей, чыгармалар 20-марттан 20-майга чейин кабыл алынат. Конкурска 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат. Баш байге ээсине 200 миң сом акчалай сыйлык жана Ч. Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты баральефи ыйгарылат.
Ал эми башка номинация ээлерине акчалай сыйлыктар, статуэтка жана атайын дипломдор берилет.
Финалдык турга өткөн катышуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтө турган Чыныбай Турсунбеков 6 –поэзия фестивалынын алкагында сыйланышат. Уюштуруучу Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд.