Бишкекте коопсуздук эрежесин бузган объектке 200 миң сом айып салынды
Кечээ Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсү, 269 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Аталган кайрылуунун негизинде министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш объектисинде “Курулуштагы эмгекти коргоо жана коопсуздук” ченемдери бузулгандыгы аныкталды. Мунун негизинде “Бест Хаус гранд” жоопкерчилиги чектелген коомуна карата протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Министрлик курулуш тармагындагы бардык субъекттерди “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.
Ошондой эле жарандар курулуш объектилериндеги мыйзам бузуулар же кемчиликтер тууралуу фото жана видео материалдарды Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин ишеним телефонуна (WhatsApp): 0221 328-256 номери аркылуу жөнөтө алышат.