Бишкекте ар бир дарак “паспорт” алат: жаңы экологиялык система ишке кирди

Бишкекте ар бир дарак “паспорт” алат: жаңы экологиялык система ишке кирди

Бишкек шаарында жашыл көчөттөрдүн бирдиктүү реестрин түзүү чечими кабыл алынды. Бул демилге Экологиялык кеңештин алкагында сунушталып, коомчулук тарабынан кеңири колдоого ээ болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.

Ага ылайык, шаар мэри Айбек Джунушалиев “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасына электрондук карталарды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Жаңы система аркылуу ар бир шаар тургуну бак-дарактар тууралуу маалыматты онлайн режимде көрө алат.

Учурда реестр түзүү иштери “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан тиешелүү кызматтар менен биргеликте башталып, шаардагы бардык сейил бактарда жана гүл бакчаларда жүргүзүлүүдө.

Ар бир даракка атайын белги — “паспорт” берилет. Анда дарактын түрү, жашы, сөңгөгүнүн диаметри, бийиктиги жана жалпы абалы тууралуу маалыматтар камтылат. Бул адистерге жашыл көчөттөрдү көзөмөлдөп, туура кам көрүүгө шарт түзөт.

Инвентаризациянын негизги максаты — дарактардын абалын эсепке алуу, өз убагында дарылоо, кооптуу дарактарды аныктоо жана жашыл фондду сактоо.

Белгилей кетсек, Эркиндик бульварында дарактар массалык түрдө кыйылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Маалыматка ылайык, турак жай балдардын төрөлүшүнө байланыштуу жана үй-бүлөлөрдү колдоо алкагында белек катары берилген. Белгиленгендей, батир Ош шаарында жайгашып, жашоого толук даяр. Бийлик өкүлдөрү мындай чаралар жарандарды колдоого жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталганын белгилешти.

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Араван районунда жашыруун оюн жайы аныкталды. Аны айылдык кеңештин депутаты уюштурганы белгилүү болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүктү Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. уюштурган. Алар Жар-Кыштак айылында лицензиясыз жана салык төлөбөстөн оюн жай ачышкан. Текшерүү учурунда 11

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

МинКаб 2024-жылдын 23-апрелиндеги №191 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлиги алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Документке Адылбек Касымалиев кол койгон. Белгиленгендей, эми бажы жана салык кызматтары түздөн-түз Министрлер кабинетине баш ийет (мурда Финансы министрлигине карачу). Ошондой эле транзит жана экспорт учурунда

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

26-март күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өчүрүү Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарды камтыйт. Бул аралыктагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери