Достук айылында 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Достук айылында 3 кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Борбор калаанын четиндеги Достук айылында жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жаңы мектеп башкы планга ылайык 5 блоктон турган, 3 кабаттуу заманбап имарат болуп курулат. Анда окуу класстары, эмгек кабинеттер, компьютердик класстар, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана бардык шарттары каралган спорт зал болот.

Курулуш иштери өзгөчө шартта жүргүзүлүүдө. Анткени мектептин орду мурда кичи суу сактагыч болгон. Ушуга байланыштуу жер казууда кыйынчылыктар жаралып, 3 метр тереңдикке 10884 м³ шагыл төгүлүп, 9 катмар жер тыгыздалган. Бул ыкма имараттын жумшак жер кыртышында чөгүп кетпешин камсыздайт.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин миңдеген окуучуларга билим алууга шарт түзүлөт. Учурда Достук айылынын окуучулары №54 мектепке барып билим алып жатышат.

Мындан тышкары окуңуз

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Араван районунда жашыруун оюн жайы аныкталды. Аны айылдык кеңештин депутаты уюштурганы белгилүү болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүктү Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. уюштурган. Алар Жар-Кыштак айылында лицензиясыз жана салык төлөбөстөн оюн жай ачышкан. Текшерүү учурунда 11

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

МинКаб 2024-жылдын 23-апрелиндеги №191 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлиги алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Документке Адылбек Касымалиев кол койгон. Белгиленгендей, эми бажы жана салык кызматтары түздөн-түз Министрлер кабинетине баш ийет (мурда Финансы министрлигине карачу). Ошондой эле транзит жана экспорт учурунда

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

26-март күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өчүрүү Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарды камтыйт. Бул аралыктагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери

Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды

Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды

Ош шаарында “Нелегал” ыкчам иш-чарасынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Индиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады. Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 22 жаштагы индиялык студент мекендештерине Индиянын улуттук валютасын АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылып, ири суммадагы акчаларын алдап алган. Учурда 9 жабырлануучудан