Кыргызстанда туруктуу иштебеген жарандар пенсиясын кантип көбөйтсө болот?
Кыргызстандын жарандары 1996-жылдан баштап өткөрүп жиберген эмгек стажынын жылдарын ыктыярдуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө аркылуу калыбына келтирип, келечектеги пенсиясынын көлөмүн көбөйтө алышарын Салык Сервис мамлекеттик мекемеси билдирди.
Министрлер кабинети адам иштебеген же социалдык төлөмдөрдү жүргүзбөгөн мезгилдер үчүн да камсыздандыруу стажын расмий түрдө толуктоого уруксат берди. Бул норма пенсияга чыгууга даярданып жаткан, бирок жетиштүү эмгек стажы жок жарандар үчүн өзгөчө маанилүү. Стажды калыбына келтирүү укугун Кыргызстандын жарандары, чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар пайдалана алышат. Ошондой эле иш берүүчү кызматкери үчүн төлөм киргизсе болот.
Төлөмдүн өлчөмү жашаган аймактагы орточо айлык маянанын 8%ын түзөт. Өткөрүп жиберилген мезгилдерди каалаган жылдар үчүн, 1996-жылга чейин да кошо калыбына келтирүүгө уруксат берилет. Камсыздандыруу стажындагы “бош” мезгилдерди "Түндүк" порталы аркылуу жеке кабинеттен же Социалдык фондго кайрылуу менен тактоого болот.
Стажды калыбына келтирүү процесси толугу менен санариптештирилген. Өткөн мезгилдер үчүн камсыздандыруу полисин сатып алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
- cabinet.salyk.kg сайтына кирүү;
- менюдан "Е-патент" бөлүмүн, андан кийин "Полис" пунктун тандоо;
- "Стажды калыбына келтирүү тарифи" бөлүмүнө өтүү;
- керектүү мезгилди көрсөтүп, төлөмдү ырастоо.
Бул чара эмгек ишмердүүлүгүндө үзгүлтүк болгон жарандарды колдоого багытталган жана аларга пенсиясынын көлөмүнө өз алдынча таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берет.