Кыргызстанда ветеринардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү
Өлкө аймагында жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип келүүсүн жана жайылышын алдын алуу максатында ветеринардык-санитардык көзөмөл чаралары күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзөмөл чаралары эл аралык талаптарга жана Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" мыйзамына ылайык жүргүзүлүүдө. Анын алкагында кооптуу ылаңдар катталган өлкөлөрдөн жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияларды алып кирүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ошондой эле биологиялык коопсуздук талаптарына жооп бербеген азык-түлүктөрдүн өлкөгө киришине жол бербөө боюнча алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул чаралар эпизоотиялык туруктуулукту сактоого, калктын саламаттыгын жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган. Министрлик жарандарды жана чарба субъекттерин ветеринардык-санитардык талаптарды так сактоого чакырат.