Бишкекте түнкүсүн көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Тазалоо иштери шаарды таза кармоо жана санитардык абалды жакшыртуу максатында уюштурулган.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштер түнкү саат 00:00дө башталып, таңкы саат 06:00гө чейин уланат. Бул убакыт аралыгында шаар көчөлөрүндө жалпы 46 даана суу чачуучу жана айкалышкан атайын техника иш алып барат.
Тазалоо иштери борбордук магистралдык жолдорду гана эмес, кошумча көчөлөрдү да камтып, шаар аймагын толук кандуу тазалоого багытталган.
Муниципалдык ишкана шаар тургундарын жана айдоочуларды жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.


