"Тазалык" "креативдүү таштектерди" ыкчам түрдө жаңы урналар менен алмаштырды
Бишкек шаарынын Театралдык скверинде таштанды урналарынын ордуна эски тазиктер жана чака коюлганына байланыштуу окурмандардын кайрылуусуна муниципалдык "Тазалык" ишканасы ыкчам жооп кайтарды.
Бир суткадан кийин отургучтардын жанында "Тазалык" логотиби бар жаңы таштанды урналары коюла баштады. Алар жаңы боёктун жыты чыгып турат. Азырынча бардык жерге орнотулуп бүтө элек, балким жаан жаагандыктан жетишпей калган.
Буга чейин бир бишкектик скверде урналардын ордуна эски тазиктер жана чакалар коюлганын билдирген.


Шаар мэриясынын басма сөз кызматы бул факт боюнча муниципалдык ишканада кызматтык иликтөө башталганын кабарлаган.