Бай Түшүм Банкы U-BSS чечимдерине негизделген бизнес жана жеке жактар үчүн санариптик платформаны ишке киргизди

Бай Түшүм Банкы U-BSS чечимдерине негизделген бизнес жана жеке жактар үчүн санариптик платформаны ишке киргизди

Бай Түшүм Банкы юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жеке адамдар үчүн аралыктан банктык тейлөөнүн (АБТ) заманбап системасын ишке ашырды. Долбоор АБТ өнөр жай аянтчасында, U-BSS компаниясынын техникалык өнөктөштүгүнүн алдында - жетектөөчү системалык интегратор жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн каржы секторундагы бизнес-өнөктөштүктүн негизинде ишке ашты.

Долбоордун жүрүшүндө Кыргызстандын бизнес-процесстеринин өзгөчөлүгүнө жана мыйзам талаптарына ылайыкташтыруу жүргүзүлүп, аралыктан тейлөө каналдары өндүрүштө пайдаланууга берилди. АБТны ишке ашыруу банктын ИT-инфраструктурасын глобалдык модернизациялоонун негизги элементине айланды: техникалык жаңылоонун алкагында, автоматташтырылган банк системасы (AБС) жана процессинг борбору да алмаштырылды. АБС жайылтуу долбоору каржылык технологиялар жаатында терең тажрыйбага ээ жана жергиликтүү мыйзамдарды жакшы билген кесипкөй ИТ-компания "Ревиро" менен биргеликте ишке ашырылды.

“Буга чейин “Ревиро” компаниясы буйрутма менен иштеп келген жана биз үчүн АБТ киргизүү жаңы тажрыйба болуп калды. Команданын аракетинин аркасында биз адаптация, интеграция жана жайылтууга жетиштик, азыр болсо банкта иштегендердин чечимдерин өнүктүрүүнүн үстүндө активдүү иштеп жатабыз", — деп билдирди “Ревиронун” башкы директору Адилет Маратов.

“Ачкычка чейин даяр” деген классикалык моделди жайылтуудан айырмаланып, U-BSS долбоорду билимди трансфер принцибинин алкагында түптөгөн. “Ревиронун” адистери АБС аянтчасында тездетилген окутуудан өтүп, чечимди дароо эле Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына жана жергиликтүү рыноктун өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып баштады. U-BSS бардык этаптарда - функцияларды ыңгайлаштыруудан баштап, өндүрүштүк ишке киргизүүгө даярдоого чейин, насаатчылык колдоону камсыздады.

“Банк үчүн он миңдеген кардарларга - ишкерлерге жана жеке адамдарга - кызмат көрсөтө алган, өз ара аракеттенүүнү бөлүмдөрдөн онлайн-каналдарга чейин ишке ашыра алган санариптик экосистеманы түзүү абдан маанилүү болду. Ошол эле учурда, Банк заманбап, технологиялык сервистерди акылга сыярлык бюджетте, өз алдынча иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү менен алууну каалаган”, - деп билдирди U-BSSти өнүктүрүү боюнча Вице-Президент Алексей Афонин.

Банктын санариптик трансформациясынын туу чокусу үч маанилүү системанын — жаңы АБС, процессинг жана АБТ синхрондуу ишке кириши болду.

АБТ жайылтуунун долбоорунун алкагында, команда жаңы архитектурага өтүүгө жана банктын жаңыланган ИТ-инфраструктурасы менен үзгүлтүксүз интеграциялоого дистанциялык каналдардын даярдыгын камсыз кылды.

Банктын санариптик сервистери мурда камтыбаган ЖИ сегменти үчүн адистештирилген мобилдик тиркеменин түзүлүшү - өзүнчө жетишкендик болуп калды.

"Биз системаларды өнүктүрүүнү жана функцияларды кеңейтүүнү улантып жатабыз. Кардарларга барган сайын жаңы кызматтарды жана сервистерди сунуштап, бөлүмдөр менен колл-борборлордун аракетин АБТга өтүшүнө көбүрөөк аракет кылып жатабыз.  Бирок бул биздин биринчи гана кадамыбыз болгондуктан, алдыда дагы көптөгөн пландар бар", - деп белгиледи "Бай Түшүм" банкынын башкармасынын төрагасынын орун басары Сергей Канивец.

 Бул жаңычылык Банктын санариптик кызмат көрсөтүүнүн жаңы деңгээлине чыгышына жардам берди. Ага ылайык,  кардарлар буга чейин бөлүмдөрдө гана жеткиликтүү болгон операцияларды аткарууга мүмкүндүк алышса,  Банк - операциялык чыгымдарды азайтып, сервистин масштабдалышын тездетти. Кредиттик уюмдун жетекчилигинен белгиленгендей, бул чечим Бай Түшүм банктын ички командасынын жана "Ревиро" өнөктөшүнүн күчү менен, сатуучудан минималдуу көз каранды болуу менен функционалдуулукту андан ары өнүктүрүүгө багытталган.

"Санариптештирүү – бул өзүнчө бир максат эмес, рыноктогу позицияны бекемдөөнүн куралы. U-BSS жана "Ревиро" менен өнөктөштүгүбүздүн натыйжасында биз жөн гана продукт эмес, андан ары өнүгүү үчүн жөндөмдүүлүккө ээ болдук. Бүгүн АБТ – бул чындап эле омниканалдык тейлөө моделин түзүүнүн биринчи гана кадамы", - деп белгиледи, Бай Түшүм Банкынын Башкармасынын Төрагасынын орун басары Сергей Канивец.

Банктын жана технологиялык өнөктөштөрдүн пландарында — сүйлөө технологияларынын эсебинен экотутумду өнүктүрүү: контакт-борбор үчүн сүйлөө аналитикасын жайылтуу, жасалма интеллекттин элементтери бар чат-банкты жана кардарлардын күндөлүк суроо-талаптарын автоматташтыруу үчүн үн роботторун киргизүү бар.

"Биз Бай Түшүм Банкына санариптик трансформацияда сапаттуу секирик жасоого жардам бергенибиз менен сыймыктанабыз. Региондогу тажрыйбабыз бизге технологияны жеткирүүгө гана эмес, жергиликтүү компетенцияларды өстүрүүгө да мүмкүндүк берет. Дал ушундай ыкмалар Борбор Азиядагы санариптик долбоорлордун туруктуулугун камсыз кылат", - деди U-BSSтин өнүктүрүү боюнча вице-президенти Алексей Афонин.

Долбоор Кыргызстандын рыногунда аймактык финтех чечимдеринин күчөгөнүн тастыктайт жана Борбор Азиянын банк тармагында татаал ИT трансформацияларын ишке ашыруу үчүн өнөктөштүктүн ийгиликтүү моделин көрсөтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media
Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Нарын жана Ошто жашыл экономика боюнча тренинг өттү

Октябрдын башында Нарын жана Ош шаарларында "Жашыл экономиканы баалоо жана пландоо үчүн системалык динамика" темасында окутуу тренингдери өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, тренингдер 1-3-октябрда Нарындагы Борбордук Азия университетинде жана 8-10-октябрда Оштогу Адышев атындагы технологиялык университетте уюштурулду. Экономика жана коммерция министрлигинин өтүнүчү менен

Ишкер Media
Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media