Курулуш тармагында ата мекендик өндүрүшкө артыкчылык берилет
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Маткасым” үй-тиричилик товарларын өндүрүүчү заводго барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр ишканада өндүрүлгөн мектеп парталары, стол, отургучтардын сапаты жана өндүрүш процесси менен таанышып, ишкананын жетекчиси менен жеринде баарлашты.
Жолугушууда жаңы курулуп жаткан билим берүү мекемелерин ата мекендик өндүрүштөн чыккан сапаттуу эмеректер менен камсыздоо маселеси талкууланды. Аталган демилге жергиликтүү өндүрүштү колдоого, ошондой эле мектептерди Кыргызстанда өндүрүлгөн сапаттуу парталар, столдор жана отургучтар менен камсыздоого багытталган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө курулуш тармагында бир катар курулуш материалдары ата мекендик өндүрүштөн колдонулуп келет.
Министр ишкананын өндүрүш процесси менен толук таанышып чыгып, ата мекендик ишканаларды колдоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экендигин белгиледи.


