Нижегород облусу Кыргызстанга 198 тонна торфтуу топурак жөнөтөт

Нижегород облусу Кыргызстанга 198 тонна торфтуу топурак жөнөтөт

Нижегород облусу Кыргызстанга 198 тонна торфтуу топурак жөнөтөрүн  Россиянын Айыл чарба багытындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, инспекторлор жалпы салмагы 2,1 миң тоннадан ашкан торфтуу топурак боюнча экспорттук корутундуларды тариздешкен. Жүк бир нече өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Торфтуу топурак бул торф негизинде жасалган топурак аралашмасы. Ал айыл чарбасында жана ландшафттык дизайнда топурактын түзүмүн жакшыртуу үчүн колдонулат.

Жүктөр Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан жана Казакстанга жөнөтүлөт.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча карантиндик зыянкеч организмдердин белгилери аныкталган эмес. Алынган маалыматтардын негизинде ар бир партия үчүн фитосанитардык абалы боюнча оң корутундулар берилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда төрт курулуш объектисинен мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жарманкеде 4 миңден ашык жумуш орду сунушталат

Микрокредит алуучулардын саны 3 эсеге өстү

Токтогул - "Беш-Таш" унаа жолунун 21 километри асфальтталды

Кыргызстан менен Финляндия геология тармагында кызматташат