ӨКМ 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруп жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз тарыхында биринчи жолу ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Анын алкагында республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараттары курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр эски, шарты жетишсиз имараттарда иштеп келишсе, эми алар заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат.
Маалыматка ылайык, жаңы имараттар бир жана эки кабаттан туруп, республикалык бюджеттин эсебинен курулууда. Алар быйыл 1-июлда — Куткаруучулар күнүндө расмий пайдаланууга берилет.
Учурда өлкө боюнча 92 өрт-куткаруу бөлүгү кызмат көрсөтүп келет. Мындан тышкары дагы 5 жаңы бөлүктүн курулушу пландалууда.
Белгилей кетсек, мындай өзгөрүүлөр 2021-жылдан бери мамлекет башчысынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.