Таласта 22 ири долбоор ишке ашып, 1500дөн ашык жумуш орду түзүлөт

Таласта 22 ири долбоор ишке ашып, 1500дөн ашык жумуш орду түзүлөт

Талас облусунда 22 ири долбоорду ишке ашыруунун алкагында 1500дөн ашык жаңы жумуш ордун түзүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда президенттин тапшырмасы менен аймакта бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул демилгелер экономикалык өсүштү камсыздоого жана аймакты өнүктүрүүгө багытталган.

Белгиленгендей, ири долбоорлордун ишке кириши жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзөт.

Адистердин баамында, бул долбоорлор Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруп жатат

ӨКМ 12 жаңы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратын куруп жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өз тарыхында биринчи жолу ири курулуш долбоорлорун ишке ашырууда. Анын алкагында республика боюнча 12 өрт-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараттары курулуп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Буга чейин өрт өчүрүүчүлөр эски, шарты жетишсиз имараттарда иштеп келишсе, эми алар заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат. Маалыматка ылайык, жаңы имараттар бир

Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Быйыл Баткенде жалпы 60 км СИП-2, СИП-3 кабелдери тартылат

Баткен облусунда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында электр тармактарын этап-этабы менен жаңылоо иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Анын алкагында “Кыргызстан УЭТ” ишканасынын Баткен электр тармактары филиалы тарабынан алюминий зымдарды СИП-2 жана СИП-3 өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган кабелдерге алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан 2026-жылы облус боюнча 60 чакырымдан ашык 0,

Жайыл районунда 9 ата-энеси жок балага жер участогу берилди

Жайыл районунда 9 ата-энеси жок балага жер участогу берилди

Жайыл районунда ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкеси берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти. Райондук прокуратура тарабынан ата-энеси жок балдардын турак жайга болгон укуктарын коргоо максатында текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада Ак-Башат айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилген. Анын негизинде ата-энесинен ажыраган 9 балага турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, жеке

ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 5 жылда 25%га өстү – А.Касымалиев.

ЕАЭБдин тышкы соода жүгүртүүсү 5 жылда 25%га өстү – А.Касымалиев.

2025-жыл беш жылдык стратегияны ишке ашыруунун жыйынтыктоочу жылы болгонун 27-мартта Адылбек Касымалиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул беш жылдык мезгил дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстер менен коштолду. Алардын катарына пандемиядан кийинки калыбына келүү, эл аралык соода шарттарынын тез өзгөрүшү, ошондой эле бирликтин айрым мүчө мамлекеттерине карата санкциялык