Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу же реэкспорттоочу өлкө тууралуу маалымат камтылышы керек.
Аталган талаптар сакталбагандыктан, жүк Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү фитосанитардык талаптарын бузуу катары бааланып, продукция импортер өлкөгө кайра кайтарылды.
Тиешелүү кызматтар тарабынан фитосанитардык көзөмөл иштерин күчөтүү улантылууда.