Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт
1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт:
Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы.
Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.
"Бишкексууканал" мекемеси жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.