"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

"Келечек" борборунда 3 жылда 1800дөн ашык бала реабилитациядан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Келечек" реабилитациялык борборунда 2023-2026-жылдары 1869 майыптуулугу бар бала реабилитациялык кызматтарды алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

2026-жылдын биринчи кварталында 174 бала реабилитация курсунан өттү. Алардын 71и кыз, 103ү эркек балдар.

Борбордун кызматтарын алган балдардын көбү Бишкек шаарынан — 91 бала. Калгандары Чүй облусунан 62, Жалал-Абаддан 55, Нарындан 53, Ысык-Көлдөн 51, Ош облусунан 35, Таластан 27 жана Баткенден 18 бала.

"Келечек" борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарга акысыз комплекстүү кызматтарды көрсөтөт. Бул жерде Даун синдрому, аутизмдин жеңил формалары, акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуусу бар балдарга жардам берилет.

Борбор стационардык жана күндүзгү форматта иштеп, медициналык, психологиялык жана педагогикалык реабилитацияны камтыйт.

Балдарды борборго кабыл алуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жолдомосу жана дарыгерлердин сунуштамасынын негизинде жүргүзүлөт.

Министрлик реабилитацияга муктаж балдарды колдоону жана алардын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык