Курулуш адистери үчүн онлайн тестке даярдануу мүмкүнчүлүгү ишке кирди
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы курулуш тармагындагы адистер үчүн жаңы онлайн мүмкүнчүлүк ишке киргизилгенин маалымдады.
едомствонун маалыматына ылайык, эми адистер квалификациялык сертификат алуу үчүн тестке министрликтин расмий сайты аркылуу даярдана алышат. Ар бир адистик боюнча 200гө жакын суроо иштелип чыгып, системага жайгаштырылган.
Тестке даярдануу үчүн колдонуучулар egov.kg порталына кирип, “Министрликтер жана ведомстволор” бөлүмү аркылуу Курулуш министрлигинин сайтына өтүп, “Ишмердүүлүк” бөлүмүнөн тиешелүү баракты тандашы керек.
Суроолор адистиктер боюнча өзүнчө жайгаштырылган. Бул адистерге өз билим деңгээлин текшерип, сертификат алууга даярданууга шарт түзөт.
Жаңы мүмкүнчүлүк курулуш тармагындагы адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.