Медиа майданындагы атаандаштык: 2 “Чекит Медианын” талашы
Кыргыз журналистикасындагы медиа аталышка байланышкан талаш коомчулуктун көңүлүн бурду. Асель Сооронбаева аттуу журналисттин “Чекит Медиа” ресурсунун аталышы Мунарбек Имаров аттуу блогер тарабынан мыйзамсыз колдонулуп жаткандыгы жарыяланып, биринчиси - экинчисине карата чара көрүү өтүнүчү менен тиешелүү органдарга кайрылды.
Асель Сооронбаеванын айтымында, медиа үч жыл мурда түзүлүп, ушул убакыт аралыгында жүздөгөн журналисттик материалдарды жарыялаган жана элге таанылган. Бирок былтыр өзүн журналист катары тааныштырган Мунарбек Имаров “Чекит” аталышы менен өзүнчө медиа-ресурс ачып, буларга окшош ат менен ишмердүүлүк кылып баштаган.
“Былтыр Мунарбек Имаров деген “журналист” “Чекит” деп кабак-кашы камырабай, ачып алды. Менин бул аталышка “Кыргызпатент” тарабынан автордук укугум жок болгон үчүн, алгач ушул жагын жөнгө салайын деп, арыз таштадым. Бир жылдай күттүм, себеби талап өзү ушундай экен. Автордук укук алган соң, дароо Мунарбекке адамча байланышып, патент алганымды, ютуб-каналынын атын өзгөртүүсүн өтүндүм. Бирок ал буга макул болгон жок. "Билгениңди кылып ал" дегендей мамиле жасады”-деп билдирди Сооронбаева.
Учурда бул маселе боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында — “караниет атаандаштык” беренеси боюнча жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдында — товардык белгилер жөнүндө мыйзамды бузуу боюнча - эки өзүнчө арыз каралууда.
Маалыматка ылайык, Кыргызпатент жана көз карандысыз эксперттер эки аталыштын окшоштугу керектөөчүлөрдү жаңылтууга алып келиши мүмкүн деген жыйынтык чыгарышкан.
Ал эми “Чекит Медиа” бул жагдай алардын репутациясына терс таасир тийгизип жатканын белгилеп, тийиштүү органдарды маселени мыйзам чегинде калыс карап беришин суранууда.