Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду.

Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун жеңилдетүүнү көздөйт.

Өзгөчө көңүл 16 жашка чейинки балдарга бурулуп, документ тапшыруу тартибин оптималдаштыруу жана ата-энелер менен мыйзамдуу өкүлдөр үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу сунушталды.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун колдоп, аны экинчи окууда жактырды.

Демилгечилердин айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, документтерди тезирээк тариздөөгө жана балдардын чет өлкөгө чыгуудагы укуктарын натыйжалуу коргоого жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Парламентте "уйкудагы  15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору  жактырылды

Парламентте "уйкудагы 15 биржаны" ойготуучу мыйзам долбоору жактырылды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Товардык биржалар жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул документ 1992-жылдан бери колдонулуп келген эски мыйзамды толугу менен алмаштырууну көздөйт. Жаңы мыйзам долбоору соода аянтчаларынын иштөө тартибин, соодага катышуучуларга коюлган талаптарды жана мамлекеттик көзөмөл системасын так аныктайт. Долбоорго ылайык,

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргызстан менен Казакстан чек арасында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кант шаарына жакын жайгашкан "Ак-Тилек — Автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жана "Кең-Булуң" КППсында кайрадан жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болгонун айдоочулар Kaktus.mediaга билдиришкен. Алардын айтымында, мындай абал бир жумадай убакыттан бери уланып жатат. "Тез бузулуучу жүктөрдү кезексиз өткөрүп жатабыз, айдоочулар өз ара түшүнүшүү менен өткөрүп

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан"  369,3 млн сом түштү

Кыргызстан бюджетине 2 айда "Google салыгынан" 369,3 млн сом түштү

2026-жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине чет өлкөлүк компаниялар көрсөткөн электрондук кызматтарга салынуучу кошумча нарк салыгынын (КНС), башкача айтканда "Google салыгынын" эсебинен 369 млн 308,7 миң сом (болжол менен 4,2 млн доллар) түшкөнү Финансы министрлигинин отчетунда айтылат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 108,

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда 8,8 млн сомдук жер мэриянын балансына кайтарылды

Кайыңдыда жетим калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратура билдирди. Панфилов районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, 2005-жылы мурдагы Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 га жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.  Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына