Бишкектин борбордук бөлүгүндө 2 күнгө газ өчүрүлөт
1-2-апрель күндөрү Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
“Бишкекгаз” газ кызматынын маалыматына ылайык, газ берүү Жантошев, Байтик баатыр, Лев Толстой, Кара-Дарыя, Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта токтотулат. Ошондой эле Кыргызавтомаш заводу, макарон цехи, “Жыргал” жана “Байтур” мончолору жайгашкан аймактар да газсыз калат.
Газды убактылуу өчүрүү орто басымдагы жер алдындагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу экени айтылды.
“Бишкекгаз” кызматынан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жарандарды бул мезгилде энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууга чакырышты.