Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады: кайсылар?
Кыргызстанда айрым негизги азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап, айрымдары арзандаганы байкалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Министрлик 2026-жылдын 25-мартына карата Кыргызстан, ошондой эле Россия жана Казакстандагы азык-түлүк бааларына салыштырма мониторинг жүргүзгөн.
Ага ылайык, Кыргызстанда жумуртка (1,6%), картошка (0,7%), уй жана кой эти (0,5%) жана күн карама майынын баасы жогорулаган. Ошол эле учурда баш пияз 0,5%га арзандаган.
Казакстанда болсо кой эти (12,5%), сабиз (10,6%) жана макарон азыктары (3,5%) олуттуу кымбаттаганы белгиленди. Ал эми пияз жана буудай уну бир аз төмөндөгөн.
Россияда да бир катар азык-түлүктөрдүн баасы өсүп, айрыкча сабиз (2%) жана жумуртка (1,4%) кымбаттаган.
Министрликтин маалыматына караганда, мындай мониторинг өлкөлөр ортосундагы баа динамикасын талдоо жана ички рыноктогу абалды көзөмөлдөө максатында жүргүзүлөт.