“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

“Социалдык контракт”: 48 миңден ашык үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү

Кыргызстанда жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү” программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бул демилге 2022-жылдан бери иштеп келет. Анын негизги максаты — жарандардын жашоо-шартын жакшыртуу жана өз алдынча иш менен камсыз болушуна шарт түзүү.

Маалыматка ылайык, 2022–2025-жылдары жалпы 48 миң 557 социалдык контракт түзүлгөн. Программанын басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, ошондой эле өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында да ишке ашырылган.

Мониторингдин жыйынтыгында катышуучулардын 94,2%ы айыл жеринде жашаган аялдар экени аныкталган. Долбоордун алкагында 57 миңден ашык жаңы жумуш орду түзүлүп, 228 миңден ашык жарандын жашоо-шарты жакшырган. Айрым үй-бүлөлөрдүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашканы белгиленди.

2025-жылы бир жолку социалдык жардамдын көлөмү 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Ал эми 2026-жылы 13 миң 334 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүү пландалып, бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралган.

2026-жылдын 1-мартына карата 607 социалдык контракт түзүлүп, учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

Кошумча колдоо чарасы катары 2024-жылдан тартып программа катышуучуларына пайызсыз кредит берүү башталган. Мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө кредит алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Акыркы эки жылда мындай колдоону 1200дөн ашык катышуучу пайдаланып, программа алкагында республика боюнча 1329 чакан ишкана ачылган.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу