Чүйдө 1,4 млн сом алимент өндүрүлдү
Чүйдө дээрлик 1,4 млн сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Чүй райондук сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан ири өлчөмдөгү алименттик карызды өндүрүү иши ийгиликтүү аяктады.
Н.Д.К. аттуу карызкор К.М.Тга 2014-жылдан 2026-жылга чейинки (12 жыл) мезгил үчүн алимент төлөгөн эмес.
Сот аткаруучулардын мажбурлоо чараларынын негизинде 1 млн 373 миң 946 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү. Өндүрүлгөн каражат толугу менен алуучуга өткөрүп берилди.