Кожомкул спорт сарайында жаңы бассейн куруу иштери башталды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Биринчи май районундагы Кожомкул спорт сарайында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Учурда бассейн курула турган аймакта демонтаж иштери жүргүзүлүүдө. Ага эки экскаватор жана 16 HOWO үлгүсүндөгү атайын техника тартылган.
Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө.
Долбоор имараттын инфраструктурасын жаңыртып, суу спортун өнүктүрүүгө жана шаар тургундары үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Жаңы бассейн куруу спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

