Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларында суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлорунун аякташына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Реми Дюфло да катышты.

Долбоорлордун алкагында суу инфраструктурасы жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана ишенимдүүлүгү жогорулады. Ошондой эле калктын борборлоштурулган кызматтарга жеткиликтүүлүгү кеңейип, суунун жоготуусу азайып, экологиялык абал жакшырды.

Медербек Туманов белгилегендей, базалык инфраструктурага инвестициялар аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ишкердик чөйрөнү жакшыртат жана чакан жана орто бизнес үчүн шарттарды кеңейтет.

Жыйынтыгында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жогорулатуу, калкты камтууну кеңейтүү жана заманбап башкаруу технологияларын киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек мэриясы чакан автобустарды сатып алууну карап жатат

Бишкек шаарынын мэриясында вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында автобус өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө сатып алынышы пландалган автобустарга коюлган техникалык мүнөздөмөлөр жана талаптар сунушталды. Жалпысынан 625 чакан көлөмдөгү автобус сатып алуу каралууда. Алар тар көчөлөрү бар турак жай конуштарын тейлөө үчүн

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

ЖМК жөнүндө мыйзамдар Санарип кодекске шайкеш келтирилет

Жогорку Кеңеште "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматты Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нуржамал Төрөбекова тааныштырды. Мыйзам долбоору анын жоболорун Кыргыз

Түндүк-Түштүк унаа жолунун коргоочу курулмалары 2 жыл ичинде бүткөрүлөт

Түндүк-Түштүк унаа жолунун коргоочу курулмалары 2 жыл ичинде бүткөрүлөт

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу кийинки бир нече жылда чектелген режим менен иштейт. Автожолдо унаа кыймылы үчүн июнь айынан ноябрь айына чейин уруксат берилерин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбеков "Кабар" маалымат агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди. Адистин айтымында, бул график 2027-2028-жылдарга чейин күчүндө

Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы лицензиясы жок, чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча мыйзам бузууларга баргандар аныкталды. Ош шаары жана Араван районунун аймагында Улуттук банктан тиешелүү лицензия албай, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн 10 жаранга чара көрүлдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ош областтык башкармалыгы аныктаган бул мыйзам бузуулардын жыйынтыгында, 10 жарандын