Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Өлкөгө 7,6 млн сомдук дары-дармекти мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда мыйзамсыз товар ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда жүк ташуучу автоунаа текшерилип, тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер, медициналык буюмдар жана ар кандай азык-түлүктөр табылган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мыйзамсыз алып кирилген товарлардын жалпы баасы 7,6 млн сомдон ашат.

Учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Балык өнөр жайы комплекси департаменти айрым балыктарды  уулоого уруксат берди

Балык өнөр жайы комплекси департаменти айрым балыктарды уулоого уруксат берди

2026-жылдын 1-апрелинен тартып Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан спорттук-ышкыбоздук балык уулоо үчүн лимиттер “Электрондук балык уулоо системасына” киргизилди. Аталган система аркылуу дарыя османы, Амударыя жилингири жана Ысык-Көл жилингири сыяктуу баалуу балык түрлөрүнө уруксат берилет. Балык уулоо карточкаларын алуу Министрликтин расмий сайтынын кызматтар бөлүмүнүн https://rb.agro.gov.kg/ парталы

Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Кыргызстанда улуттук валютанын сүрөттөрүн жарнамада колдонууда Улуттук банк белгилеген эрежелерди сактоо зарыл экенин Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү башкармалыгынын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк банкноттор менен тыйындардын эмитенти катары аларды кайра чыгарууга (сүрөтүн колдонууга) атайын талаптарды бекиткен. Белгиленген эрежелер сакталган учурда банкноттордун сүрөттөрүн жарнамалык максатта колдонуу

Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Чек ара аймактарынын тургундары мамлекеттик төлөмдөрдөн жана кошумча колдоо берүүчү коэффициенттерден ажырап калышы мүмкүн экенин депутат Камиля Талиева 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салган 1997-жылдын 25-декабрындагы №377 токтом күчүн жоготушу мүмкүн. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган. "

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы өз ишин аяктады

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы өз ишин аяктады

2026-жылдын 1-апрелинде КРнын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаев ЭВФ командасы менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, тараптар акча-кредит саясаты, финансы секторунун туруктуулугу жана өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту колдоо боюнча чаралар сыяктуу негизги маселелерди талкуулашты.  Жолугушууга ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунда Кыргызстандын кызыкчылыгында иш