Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Сомду көчүрүү эрежелерин бузгандарга 17 миң сомго чейин айып пул салынат

Кыргызстанда улуттук валютанын сүрөттөрүн жарнамада колдонууда Улуттук банк белгилеген эрежелерди сактоо зарыл экенин Улуттук банктын накталай акча жүгүртүү башкармалыгынын башкы эксперти Күмүшай Артыкова билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк банкноттор менен тыйындардын эмитенти катары аларды кайра чыгарууга (сүрөтүн колдонууга) атайын талаптарды бекиткен. Белгиленген эрежелер сакталган учурда банкноттордун сүрөттөрүн жарнамалык максатта колдонуу үчүн лицензия же атайын уруксат талап кылынбайт.

Тактап айтканда, банкнотторду өлчөмү жана түсү боюнча түп нускасына толук окшош кылып чыгарууга тыюу салынат. Мындай учурда, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 304-беренесине ылайык, айып пул каралган:

  • жеке жактар үчүн — 55 эсептик көрсөткүч (5500 сом)
  • юридикалык жактар үчүн — 170 эсептик көрсөткүч (17 000 сом)

Артыкова белгилегендей, 2025-жылы банкнотторду мыйзамсыз көчүрүүнүн эки учуру катталган. Мыйзам бузуулар базарларда да аныкталган, анда акчага окшош сүрөттөр сатылган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган.

Банкноттордун сүрөттөрүн туура колдонуу үчүн төмөнкү талаптар бар:

  • чоңойтуп колдонууда — оригиналдан кеминде 150% болушу керек
  • кичирейтип колдонууда — оригиналдын 50%дан ашпоого тийиш
  • оригиналдан айырмаланган бир же бир нече түстө колдонууга уруксат берилет

Санарип сүрөттөр үчүн кошумча талаптар:

  • сүрөттүн сапаты (разрешение) 72 dpiден ашпашы керек,
  • сөзсүз түрдө диагонал боюнча "үлгү" деген жазуу болушу керек,
  • узундугу сүрөттүн кеминде 10%ын түзүшү керек,
  • тамгалардын бийиктиги сүрөттүн туурасынын кеминде 10%ы болушу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media
Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

Бажы кызматынын өкүлү мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген үчүн кармалды

КР УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелип, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кармалды. УКМКнын маалыматына ылайык, инспектор Түндүк-Чыгыш бажысы аркылуу “кара металл” деген аталыш менен 98 даана жарыктандыруу мамысынан турган жүктү өткөрүп жиберген.

Ишкер Media
Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Фермерлерге 3% менен асыл тукум мал алууга жеңилдетилген насыя бериле баштады

Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүктөн Жайыл районунун фермери Бактияр Чыналиев пайдаланып, "Кыргыз Агрохолдингдин" "Элита" филиалынан 15 баш абердин-ангус породасындагы мал сатып алган. "Буга

Ишкер Media