Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Лейлек районунун 76 айылы коэфиценттерден, кошумча төлөмдөрдөн кол жууйбу?

Чек ара аймактарынын тургундары мамлекеттик төлөмдөрдөн жана кошумча колдоо берүүчү коэффициенттерден ажырап калышы мүмкүн экенин депутат Камиля Талиева 2-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салган 1997-жылдын 25-декабрындагы №377 токтом күчүн жоготушу мүмкүн. Токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

"Бул Лейлек районундагы 76 айылдын тургундарына таасирин тийгизет: эмгек акыларга кошумча коэффициенттер, өткөөл мезгилдеги төлөмдөр жана башка кошумча каражаттар автоматтык түрдө токтойт", — деди ал.

Депутат белгилегендей, бул коэффициенттер чек арадагы калкты сактап калуу жана ички миграциянын алдын алуу үчүн маанилүү.
"Чек ара аймактарынын тургундары өзгөчө “чек ара” макамына ээ, алардын коэффициенттери 50%ды түзөт. Аларды жоюу терс таасир тийгизиши мүмкүн", — деп кошумчалады Талиева.

Ал тиешелүү министрликтерге жана комитетке бул токтом долбоорун карап чыгууну тапшырууну сунуштады. Ошондой эле төлөмдөрдү акырындык менен кыскартуу пландалып жатканын айтты:

  • 2026-жылы — 75%
  • 2027-жылы — 50%
  • 2028-жылы — 25%

Андан кийин бул категория толугу менен жоюлушу мүмкүн.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Суу районунда туристтердин саны 8 эседен ашык өстү

Орто-Токой суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Кыргызстан баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конгресске катышты

Токтогул шаарында электр тармагын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө

Караколго тартылган инвестициянын көлөмү 9,5 млрд долларга жетти