Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылганы аныкталып, анын менчик укугу калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда жети өспүрүмдүн турак жай алуу укуктары камсыздалып, аларга жер тилкелер жана батирлер берилди.

Мыйзамга ылайык, турак жайы жок жетим балдарга 16 жаштан баштап турак жай аянтын кезексиз алуу укугу кепилденет.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

"Орто-Сай" базарында баалар текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды

"Орто-Сай" базарында баалар текшерилип, мыйзам бузуулар аныкталды

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы "Орто-Сай" базарында социалдык маанидеги азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Мониторингге кызматтын аймактык бөлүмүнүн башчысы катышып, баа кырдаалы жана баа түзүү тартибинин сакталышы менен жеринде таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө негизги азык-түлүк товарларына баа коюу талаптарынын сакталышы

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси эл аралык деңгээлде талкууланды

Кыргызстанга инвестиция тартуу маселеси эл аралык деңгээлде талкууланды

Кечээ Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "Alpac Capital" компаниясынын башкы директору Педру Варгас Давид жана компаниянын инвестициялар боюнча директору Питер Ваджай менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Жолугушууда Кыргызстанга инвестиция тартуу жана артыкчылыктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, инвестициялык

Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган. Анын натыйжасында

Улуттук банк алмашуу бюролору үчүн мыйзам талаптары боюнча семинар өткөрдү

Улуттук банк алмашуу бюролору үчүн мыйзам талаптары боюнча семинар өткөрдү

КРнын Улуттук банкы алмашуу бюролорунун кызматкерлери үчүн атайын окутуучу семинар уюштурду. Маалыматка ылайык, иш-чара кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү багытындагы мыйзам талаптарын түшүндүрүүгө арналган. Семинарга 70ке жакын алмашуу бюролорунун кызматкерлери жана Альянс алмашуу бюролорунун ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Анын жүрүшүндө катышуучуларга Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын негизги