Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкордо мурдагы айыл башчы 5,7 млн сомдук коррупциялык иш боюнча кармалды

Кочкор районунда мурдагы айыл башчы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.

Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузган.

Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгени белгилүү болду.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу